Футбол боюнча улуттук кураманын коргоочусу Валерий Кичин орусиялык "Енисей" футболдук клубу менен келишим түздү. Красноярск шаарынан чыккан клуб менен оюнчунун ортосундагы келишим 1 жылга түзүлдү. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, футболчу акыркы сезонду "Тюмень" клубунун курамында өткөрүп, 33 оюнда 1 гол жаратууга жетишкен.
"Енисей" футболдук клубу Орусиянын Улуттук Футбол Лигасында (деңгээли боюнча Премьер-лигадан кийинки орунда турат) ойнойт. Акыркы сезондо клуб 20 команданын ичинен 16-орунду ээлеген.