3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 23 спорт түрүнөн 99 комплект медаль ойнотулмакчы. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 339 медаль болмокчу (99 алтын, 99 күмүш жана 141 коло медаль).
2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 9 спорт түрү боюнча медалдар ойнотулган.