Аргентинанын борбор калаасы Буэнос-Айрес шаарында футболчу Лионель Мессиге статуя тургузулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, статуянын ачылыш аземине шаар мэри Орасио Родригес катышты. Эстелик колодон тургузулган.
Кошумчалай кетсек, футболчу "Америка Кубогу-2016" мелдешинин финалында Чили курамасына утулуп калган соң Аргентина курамасы үчүн ойноону токтоторун жар салган. Өлкө башчысы жана легендарлуу футболчу Диего Марадона футболчудан бул чечиминен кайтууну суранышкан.