Таласта Бишкек шаарынын тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды

Таласта Бишкек шаарынын тургуну унаа уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1986-жылы туулган С.Садыралиев арыз менен кайрылган. Анда ал үйүнүн жанында токтоп турган унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган К.Н. кармалган. Ал Талас районунун Чат-Базар айылында унаага май куюп жатканда колго түшкөн. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mambo-1984
2016-06-29 19:22:25
Султан садыралиев эмеспи че та совпадает?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан