SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жан-Клод Ван Дамм тууралуу" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka).
Белгилүү Голливуд актёру Жан-Клод Ван Дамм кичинесинде оорукчан, алсыз бала болгон. Бала чагында 5 жыл бою классикалык балет менен алектенген. 11 жашында болочоктогу жылдызды атасы спорттун каратэ түрүнө берген. Ошондон тарта оору эмне экенин унуткан Ван Дамм спорттун бул түрү менен олуттуу машыга баштаган. 1978-жылы каратэ боюнча кара курга ээ болгон. 1980-жылы тажрыйбалуу немис спортчусу Дитрих Таргиллзди нокаутка кетирип спорттун каратэ түрү боюнча Европадагы профессионалдар арасында чемпион аталган.
Видеодон актёрдун оңой эмес өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу тууралуу кенен маалымат алууга болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.