Бишкек шаарынан "35 миң сомдон ашык акча уурдаган" деген шек менен 27 жаштагы кыз кармалды

Бишкектен "35 миң сомдон ашык акча уурдаган" деген шек менен шаар тургуну кармалганын ИИМдин маалымат кызматынан 30-июнда кабарлашты.

Маалым болгондой, 47 жаштагы Д.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анын маалыматына караганда, 2015-жылдын 20-декабрында чала тааныш кызы 30 миң сом жана 5 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын, фотоаппаратын уурдап кеткен.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы К.У. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Urmat_83
2016-06-30 09:32:36
Ал экенин кантип билип бериптир милицияга.Уйуно алып барса керекда пайдаланганы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан