Бүгүн, 30-июнда Франциядагы Европа чемпиондугунда алгачкы чейрек финалдык беттеш орун алат. Анда футбол сүйүүчүлөрү Португалия-Польша беттешине күбө болушмакчы. Оюнга Бишкек сааты боюнча 01:00дө старт берилет. Тарыхта бул командалар бири-бирине каршы 10 беттеш өткөрүшкөн. 4 оюн Португалиянын жеңиши менен аяктаса, 3 беттеште Польша жеңип чыккан. 3 беттеште тең чыгуу катталган.
"Евро-2016`да" Польша курамасынын оюндарынын жыйынтыктары:
Быйылкы Европа чемпиондугунда Польша курамасы "С" тайпасында оюн көрсөтүп, 7 упай топтогон. Экинчи орунду ээлеп, кийинки баскычка чыккан польшалыктар жарым чейрек финалда Швейцария курамасын утуп алышкан.
12-июнь. Польша-Түндүк Ирландия - 1:0
16-июнь. Польша-Германия - 0:0
21-июнь. Польша-Украина - 1:0
25-июнь. Польша-Швейцария - 1:1 (пенальтилер сериясы: 5:4)
"Евро-2016`да" Португалия курамасынын оюндарынын жыйынтыктары:
Португалия курамасы болсо "F" тайпасында оюн көрсөтүп, тайпалык баскычта бир топ кыйынчылыкка туш болду. Команда ушул күнгө чейин 4 беттеш өткөрүп, бардык беттештердин негизги убактысында (90 мүнөттө) атаандаштары менен тең эсепте ойногон. Жарым чейрек финалда португалиялыктар Хорватия курамасын ээрден оодара тартышты.
14-июнь. Португалия-Исландия - 1:1
18-июнь. Португалия-Австрия - 0:0
22-июнь. Португалия-Венгрия - 3:3
25-июнь. Португалия-Хорватия - 1:0
Бул оюнда жеңип чыккан команда жарым финалда Уэльс-Бельгия беттешинде жеңип чыккан команда менен беттешмекчи. Чейрек финалдагы атаандаштар:
30-июнь. Польша-Португалия
1-июль. Уэльс-Бельгия
2-июль. Германия-Италия
3-июль. Франция-Исландия