Ошто тургундун унаасынан 2010-жылдын Июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-июнь күнү саат 19:00 чамасында Кара-Суу районунда 28 жаштагы Ш.Г. аттуу Ош шаарынын тургуну башкарып бара жаткан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичин кароо учурунда Калашников автоматы ок-дарылары менен табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ок атуучу курал 2010-жылдагы Июнь окуяларында жоголгону белгилүү болгон.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.