Казакстанда кыргыз жараны 7 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда коңшу өлкөнүн Чек ара кызматы билдирди.
“Кечээ, 29-июнда кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Казакстанды көздөй келе жаткан кыргыз жараны токтотулуп, жанындагы кара сумкасы текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында сумканын ичинен салмагы 7 килограммдан ашкан героин табылган. Учурда кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Казакстандын Чек ара кызматынын маалыматында.