Бишкек башкы архитектурасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Бишкек прокуратурасынан билдиришти.
“2015-жылдын 1-июлунда Бишкек башкы архитектурасына Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 7 кичи райондогу киши жашабаган имараттын багытын өзгөртүүнү жана кайра пландоону суранган. Бул өтүнүч Жер кодексине туура келген эмес, анткени ал имарат 7 кичи райондогу №53-үйдүн тургундарына тиешелүү болгон. Буга карабастан Бишкек башкы архитектурасынын кызмат адамдары мыйзам бузуу менен имараттын багытын өзгөртүүгө жана кайра пландоого уруксат берип коюшкан”, - деп айтылат прокуратуранын маалыматында.
Учурда жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.