Бишкектеги жол кырсыгынан 4 жаштагы бала жабыркаганын Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгы 29-июнь күнү саат 20:00 чамасында Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 57 жаштагы айдоочу 4 жаштагы баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.