Ошто “жарылуучу аммонит затын сатып жүргөн” деп шектелген жаран кармалды
Ошто “жарылуучу аммонит затын сатып жүргөн” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин маалыматына караганда, кармалган Г.С аттуу жаран жеке ишканалардын биринде бургулоо жана жардыруулар боюнча адис болуп иштейт. Ал 18-июнда 610 грамм аммонит затын сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле анын үйүнөн 1 килограмм жогоруда аты аталган зат табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.