Биз социалдык тармакта

Нарында айыл өкмөтүнүн кызматкери "мамлекетке 420 миң сом зыян келтирген" деп шектелүүдө

Нарында айыл өкмөтүнүн кызматкери "мамлекетке 420 миң сом зыян келтирген" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Нарындагы айыл өкмөттөрүнүн биринин кызмат адамы 2014-2015-жылдары расмий документтерге жалган маалымат киргизүү аркылуу чоң суммадагы акча каражатын өзүнө чегерип алган. Чегерилген акча айылдын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү үчүн инвесторлорго жумшалмак. Бирок каражат өз максатына жеткен эмес. Мындан улам мамлекетке 420 миң сом зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы факт боюнча эки берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Stars
2016-06-30 18:36:28
Нарындын кайсы айылы экен???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан