Евро-2016: Португалия курамасы пенальтилер сериясында Польшаны утуп, жарым финалга чыкты (фоторепортаж)

1-июлга караган түнү Франциядагы Европа чемпиондугунун алгачкы чейрек финалы орун алды. Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда Польша жана Португалия курамалары кез келишти. Анда негизги убакыт жана кошумча 30 мүнөттүк убакытта 1:1 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Пенальтилер сериясында Португалия курамасы 5:3 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды. Беттеште польшалык футболчулар биринчи болуп эсепти ачышты. 2-мүнөттө Роберт Левандовски айырмаланды. Эсеп 33-мүнөттө теңелди. 18 жаштагы Ренату Санчес алыстан топту дарбаза торуна жиберип, Европа биринчилигинде бул баскычта гол жараткан эң жаш футболчу катары рекорд койду.

Калган убакытта күйөрмандар гол көрө алышкан жок. 11 метр аралыктан сокку узатууда эки команданын тең өкүлдөрү жаңылган жок. Төртүнчү болуп сокку узаткан Якуб Блащиковски дарбазанын оң бурчун көздөй сокку узатканда дарбазачы Руй Патрисиу топту тосуп калды. Чечүүчү пенальтини Рикарду Куарежма ийгиликтүү голго айлантты. Эсеп - 5:3 жана Португалия жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Португалия курамасы Уэльс-Бельгия курамаларынын жеңүүчүсү менен беттешет. Жарым финалдык беттеш 6-июлга белгиленген. Чейрек финалдагы оюндар:

30-июнь. Польша-Португалия - 1:1 (пенальтилер сериясында 5:3)

1-июль. Уэльс-Бельгия

2-июль. Германия-Италия

3-июль. Франция-Исландия

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
Adyl84kg
2016-07-01 08:17:57
Порту буйруса чемпион болот.Рональдону тортоо торт жагынан карап откорбой жатса кайдан гол киргизмек.ПОРТУГАЛИЯ ЧЕМПИОН.

+7
Patriot..kg
2016-07-01 09:00:01
Португалия делай!
+5
Alixan-Nookat.2015
2016-07-01 09:08:57
Туура айтасынар Роналдону 3,4 оюнчу айланчыктап карап журду жакшы оюн коргозду эгер 2 коргоочуга каршы болгондо моюн сунбайт эле гол жаратмак.
+1
arawan
2016-07-01 09:11:26
поругалиянын защитасы барган сайын зынк болуп жатат германия деле мурункудай ойной албай жатат португалия алга европанын бразилиялыктары
+1
USSRKG
2016-07-02 15:36:23
arawan,Ошолордун групасына италия же германия тушуп калбадыда.Порту Уельс пуельстерин кошуп талкалап чыкмак.а Франция ал групада болгондо уже Финалга чыкты демекмин оюнун корбой эле
0
Bekbolot919191
2016-07-01 09:17:04
Португалия чемпион болсо жакшы болмок
0
Edik_86
2016-07-01 09:47:03
a дейсинер бу дейсинер германия итерет баарын бурчка
+1
bekos2012
2016-07-01 10:04:47
Пепе азамат, коргонууда эң мыкты, чабуулда жакшы ойноду, канча топту сактап калды
+2
kdatka
2016-07-01 10:12:44
Порту молодец,бирок Германия чемпион болот!
+3
saytash11
2016-07-01 11:43:18
kdatka,кошулам сөзүңө.
+2
saytash11
2016-07-01 11:42:38
Оюнду ар тараптуу талкуулаганда, Польша жеңүүчү деп эсептейм. Атагы чыккан Роналду эле дейсиңер. Футболдо чабуулчу эч нерсени чечпейт, чабуулчуга топту узатып, дарбазага жолдоого жол ачып берген оюнчуларды атаса болот. Польшаны жеңүүчү дегеним, алгачкы голду жаратты, үстүнө 2 мүнөттө. Португалия футболдо кандай даңкка ээ. Ошондон эле жыйынтык чыгарса болот.
-3
Aikyn93
2016-07-01 13:14:04
saytash11,чабуулчуга топту узатып бергенди атаса болот дегенин кандай алар ошон учун командада ар бир оюнчунун озунун орду болот утулган польшаны женуучу дегенин такыр туура эмес утулганды уткан деген сен кандай немесин ойлонуп жазчы
+1
bek-94
2016-07-01 11:57:26
Португалия удачи
+1
Bahira
2016-07-01 12:02:20
Кечеки Польша женет деген бакшылар кана? Реал вообще соонун команда да ммммаааах
-1
LEGENDA.
2016-07-01 13:05:04
Bahira,Алар Польша эле эмес алгач Хорватия жеңет дешкен))
Экөөнү тең жеңди,эми болсо "финалга чыкпайт" деп калышыптыр.))
+3
USSRKG
2016-07-01 13:48:11
Bahira,реалдыкын жакшылап тазалап оп ха ха.
-2
ofcourse
2016-07-01 12:23:22
German m.n France kelet buyrsa finalda emes
+1
Neimar11
2016-07-01 14:44:47
Германия португалия ойносун финалда
+2
karash-99
2016-07-01 16:34:49
эчким Бельгия дебейтко кечирип койгулаго финалда Германия-Бельгия ойнойт и Бельгия чемпион болот
+1
baiazat
2016-07-01 22:51:51
уельс чемпион болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан