Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 16 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына таянсак, аталган райондун Алайкуу айыл өкмөтүндө 30-июнь күнү саат 19:03тө “112” кызматына "16 жаштагы Шерлан Расул уулу аттуу бала Эшек-Арт жайлоосундагы Үч-Көл көлүнө чөгүп кетти" деген маалымат түшкөн. ӨКМнын №66-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге жөнөп кетишкен. Саат 20:45те чөккөн адам жергиликтүү калк тарабынан табылган.