Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде өрт чыгып, сатууга даярдалган кийимдер күйүп кетти

Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде өрт чыгып, сатууга даярдалган кийимдер күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнын маалыматына караганда, өрт кырсыгы кечээ саат 21:50 чамасында Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу тигүү ишканасында катталып, өрттүн кесепетинен эшик-терезелер, 2 тигүүчү машина жана сатууга даярдалган кийимдер күйгөн. Кырсыктын келип чыгышына электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан