Сокулук районунда 17 жаштагы бала көлмөгө чөгүп каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 30-июнь күнү саат 16:43 чамасында Күн-Туу айылындагы көлмөгө 1999-жылы туулган Туратбек уулу Жыргал чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барышып, жансыз денени суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.