Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китеби "экстремисттик" деп табылды

Бүбүмариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китеби "экстремисттик" деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Жумгал райондук сотунан билдиришти.

Бизге Башкы прокуратурадан доо арыз келип түшкөн. Анын негизинде иш каралып, сот отуруму 15-июнда болду. Анда Муса кызы Бүбүмариямдын өкүлү китептин экстремисттик эмес экенин далилдеген фактыларды келтире алган жок. Ал эми ИИМдин, УКМКнын өкүлдөрү жана эксперттер китептин экстремисттик экенин айтышты. Мындан улам жогорудагыдай чечим чыгарылды”, - деди Жумгал райондук сотунун өкүлү.

Айта кетсек, 2015-жылдын 4-мартында активисттер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшүп, президенттен Бүбүмариям Муса кызынын 10 томдук “Айкөл Манас” китебин жокко чыгарууну суранышкан. Ошондой эле алар китепте Манас эпосу бурмаланып, порнография аралашып кеткенин кошумчалашкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aidai5555
2016-07-01 12:26:54
Ушул чалмакейди чалган аял жаман жинге тийди да!!! Чыгармачылыгы ашып-ташып жаткан болсо, чыныгы талант болсо мен түшүнмөкмүн, бирок мындай адамды эмне деп айтууга болорун билбейм!
Айкөлдү баш кылып, башкалардын сүрөттөрүн шумдуктай кылып чыгарганда түңүлдүм эле. Бул ишти акырына чыгаруу зарыл, 10 томдук (!) чыгарды, муну колдонуудан алып, жок кылып эле салган туура.
+7
nur123456
2016-07-01 13:06:27
Туура табылыптыр. Кыргыздын эн баалу мурасын бурмалаганы туура эмес бул менимче заказ кыргызды коро албагандар же Манасты талашкандар акча берип заказ кылган камаш керек айвмды.
+4
bond0202
2016-07-01 13:54:38
интернетте барбы ал китеп
0
Ayida
2016-07-01 20:28:31
Кайсы арбак тирилип келип бул айым менен суйлошмок эле?Адам олгонсон тозок же бейишке барарын билбей кабырда сурак берип жасаган куноосуно аран жатса. Анан ошондой арбактар бул айым менен суйлошот беле.Может ага жин кирип алган чыгаар.Мен окуганмын китебин кичине туура эмес болчу анан окубай койдум эле
0
Ayida
2016-07-01 20:29:14
Элестетсенер жайсан баатырдын арбагы келип айтып бергенерди жазат экен
0
Aitunuk
2016-07-01 22:01:34
Ayida, болгондо да орусча десең.
0
abde-7082
2016-08-19 23:05:56
Бул ишти акырына чыгаруу керек, камаш керек айвмды !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан