Учурда Францияда футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүп жатат. Бул футболдук мелдеш көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп, айрым трансферлер көз жаздымда калып жатат. Назарыңыздарга клуб которгон, келишимин узарткан айрым футболчулардын тизмесин коймокчубуз...
Златан Ибрагимович
Мекени: Швеция
Кайсы клубдан: ПСЖ (Франция)
Кайсы клубга: “Манчестер Юнайтед” (Англия)
Трансфердин суммасы: Бекер
“Дүйнө жүзүнө акыркы жаңылык менен бөлүшүү мезгили келди. Менин кезектеги клубум “Манчестер Юнайтед” болмокчу”, - деп билдирди З.Ибрагимович. 34 жаштагы футболчу ПСЖ менен келишими бүткөндүктөн англиялык клубга бекер келип кошулду. Ал буга чейин “Мальмё” (Швеция), “Аякс” (Голландия), “Ювентус”, “Интер” (экөө тең Италия), “Барселона” (Испания), “Милан” (Италия) жана ПСЖ (Франция) клубдарында ойногон. Футболчу акыркы сезондо ПСЖнын курамында өлкө биринчилигинде 31 оюн өткөрүп, 38 гол киргизген.
Нолито
Мекени: Испания
Кайсы клубдан: “Сельта” (Испания)
Кайсы клубга: “Манчестер Сити” (Англия)
Трансфердин суммасы: 16,5 миллион евро
Испаниянын курамында Европа чемпиондугуна катышкан Нолитонун жакын арада клуб которору күтүлгөн окуя болчу. Оюнчу Испаниянын негизги курамында ойноп, лидерлердин катарын толуктай алды. Машыктыруучу Хосеп Гвардиола “Манчестер Сити” менен келишим түзүп, учурда команданы күчтөндүрүүдө. Өткөн жылы Испания чемпиондугунда Нолито 29 оюн өткөрүп, 12 гол жараткан.
Халк
Мекени: Бразилия
Кайсы клубдан: “Зенит” (Орусия)
Кайсы клубга: “Шанхай Тэллэйс” (Кытай)
Трансфердин суммасы: 55,8 миллион евро
Акыркы 4 сезонду орусиялык клубдун курамында өткөргөн Халк 29 жашка чыкты. Футболчу Кытайдан келген сунушту четке кага албай, клуб өзгөртүү чечимин кабыл алды. Ага кытайлыктар жылына 12 миллион евро өлчөмүндө маяна төлөй турганы маалым болду.
Радамель Фалькао
Мекени: Колумбия
Кайсы клубдан: “Челси” (Англия)
Кайсы клубга: “Монако” (Франция)
Трансфердин суммасы: Бекер
Радамель Фалькаону “Челси” клубу ижарага алган. Футболчу өзүн мыкты көрсөтсө клубда калуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок анын ити чөп жебей калганын футбол сүйүүчүлөрү жакшы билишет. Андыктан клуб футболчу менен макулдашууну узартуудан баш тартып, “Монакого” кайтарып берди.
Алешандре Пато
Мекени: Бразилия
Кайсы клубдан: “Челси” (Англия)
Кайсы клубга: “Коринтианс” (Бразилия)
Трансфердин суммасы: Бекер
Алешандре Пато жаракатынан улам Европада өзүн жетиштүү деңгээлде көрсөтө алган жок. 26 жаштагы таланттуу футболчу жаракаты карьера курууга жолтоо болорун сезип, 3 жыл мурун мекенине кайткан. “Челси” аны кайрадан футболдун казаны кайнаган Европага алып келгени менен, бул кадам жакшы жыйынтык берген жок. Ижарага келген футболчу кайрадан мекенине жөнөдү.
Садио Мане
Мекени: Сенегал
Кайсы клубдан: “Саутгемптон” (Англия)
Кайсы клубга: “Ливерпуль” (Англия)
Трансфердин суммасы: 36 миллион евро
24 жаштагы чабуулчу “Ливерпулга” машыктыруучу Юрген Клопптун чакыруусу менен келгенин жашырган жок. Өткөн сезондо Англия чемпиондугунда 37 оюнда 11 гол жараткан футболчу “кызылдардын” күйөрмандарына дем берүүдө. Акыркы жылдары Марио Балотелли, Кристин Бентеке сыяктуу футболчуларга ири суммадагы каражат төлөгөн клуб бул жолу жаңылган болбосо экен деп демин ичине каткандар көп.
Ренату Санчес
Мекени: Португалия
Кайсы клубдан: “Бенфика” (Португалия)
Кайсы клубга: “Бавария” (Германия)
Трансфердин суммасы: 35 миллион евро
18 жаштагы футболчу Европа чемпиондугунда Португалия-Польша беттешинде гол жаратып, мыкты оюнчу болуп табылды. Таланттуу футболчуну Карло Анчелотти “Баварияга” сатып алуу боюнча сунуш берген. Жаңы сезонду Ренату Германия чемпиондугунда ойноо менен баштайт.
Матс Хуммельс
Мекени: Германия
Кайсы клубдан: “Боруссия” (Германия)
Кайсы клубга: “Бавария” (Германия)
Трансфердин суммасы: 35 миллион евро
27 жаштагы футболчу менен келишим 5 жылга түзүлдү. Буга чейин футболчу “Баварияда” ойноп, бирок 8 жыл мурун “Боруссиянын” катарын толуктаган. Бул аралыкта Матс Хуммельс өзүн мыкты көрсөтүп, мурун андан баш тарткан клубду өзүн кайра сатып алууга мажбур кылды.