Ошто тажик жараны 15 килограмм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.
Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган Т.Б. аттуу тажик жараны 30-июнда колго түшкөн. Ага тиешелүү капты кароо учурунда 15 килограмм гашиш табылган.
Ал буга чейин Бишкекте жашап, баңгизатын сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон.