Мадриддик "Реал" футболдук клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду аргентиналык футболчу Лионель Мессинин улуттук курамды таштап кеткени тууралуу ой бөлүштү. Месси "Америка Кубогу-2016" мелдешинин финалында Аргентина Чилиге утулуп калган соң ушундай чечим кабыл алган. Лео анда пенальтилер сериясында жаза баскан эле.
"Лионель Месси өтө кыйын чечимди кабыл алды. Күйөрмандар аны түшүнүшү керек. Эгер пенальтини голго айланта албасаң, бул сенин жаман футболчу экениңден кабар бербейт. Мессини ыйлап жаткан абалда көрүп, боорум ооруп турат. Ал Аргентина курамасына кайтат деп үмүттөнөм, анткени улуттук курам Мессиге муктаж", - дейт Роналду.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Мессинин улуттук курамга кайтуусун суранып Аргентинанын президенти жана белгилүү футболчу Диего Марадона билдирүү жасаган эле.