Евро-2016: Уэльс курамасы Бельгияны утту, жарым финалда Уэльс-Португалия беттеши орун алат (фоторепортаж)

Уэльс курамасы Франциядагы футбол боюнча Европа чемпиондугунун жарым финалына чыкты. Команда чейрек финалда Бельгия курамасын 3:1 эсебинде утуп алды.

Бельгиялыктар 13-мүнөттө эсепти ачышкан. Раджа Найнгголан алыстан узаткан соккусу менен командасын эсеп катыштыгында алдыга чыгарды. Уэльстиктер 31-мүнөттө эсепти теңешсе (Эшли Уильямс айырмаланды), 56-мүнөттө алдыга чыгышты (Хал Робсон-Кану айырмаланды). Андан ары оюн бельгиялыктардын арты-артынан уюштурулган чабуулу менен коштолду, бирок атаандаштын коргонуусун жарып кирүү оңойго турган жок. 86-мүнөттө Уэльс курамасы кезектеги каршы чабуулду гол менен жыйынтыктады. Сэм Воукс капталдан көтөрүлгөн топту дарбаза торуна таамай багыттады.

Уэльс курамасы бул жеңиши менен Европа чемпиондугунун жарым финалына чыкты. 6-июлда боло турган жарым финалда бул командага Португалия курамасы каршы турмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
arawan
2016-07-02 08:33:35
португалия утат
+4
arawan
2016-07-02 08:34:33
уельске тартып койду судья
-1
Talchybyk
2016-07-02 08:35:19
Порту жыртат бунуда Португалия чемпион болот.
+1
baiazat
2016-07-02 08:36:36
уельс жакшы ойнотат чемпион болот
0
arawan
2016-07-02 08:36:41
ремзи эки жолу катары мн сары кагаз алды болуш керек ошо себептен кийинки оюнга чыкпайт ушундайбы билгендер айтып койгулачы
0
Mirkgz-1990
2016-07-02 09:20:10
arawan,ооба Ремзи эки ойунда бирден сары кагазын алды ал кийинки ойунда чыкпайт
0
aslan_akjol89
2016-07-02 16:26:57
Mirkgz-1990,Чыгат оюнга,сары кагаз бир эле оюнда 2 жолу алса да ойной берет,3 чу сары кагаз-бул кызыл кагаз болот.Ремзи оюнга чыгат,кыжалат болбо.
0
LEGENDA.
2016-07-02 18:25:01
aslan_akjol89,Чыкпайт.
0
USSRKG
2016-07-02 09:49:33
Бельгия ушунчалык слабый ойнойсунарбы эстеген сайын жинди келтирет.Франция Италияга ишенем алга
-1
ulik-89
2016-07-02 11:00:43
Бейл против Роналду ото кызык оюн болот
+3
Adi.Avazbekov
2016-07-02 11:14:43
Portu jenilet
-1
Uson13
2016-07-02 11:42:47
Уельс Португалияны уткула эми Роналдонун сөзүн толугу менен жокко чыгаргыла
-2
Kudi
2016-07-02 11:44:59
Базар жок немистерди италя сындырат Буфон барда))
0
Bekbolot919191
2016-07-02 11:48:09
Португалия утат
+3
NurbekKG
2016-07-02 12:57:09
Мен Италия же Уельс чемпион болот деп ойлоймун...
0
ofcourse
2016-07-02 13:35:17
Герман мн франция полуфиналда ойнойт
0
Добрый
2016-07-02 22:48:58
Уэльске аябай жан тартып келатам азырынча ишенимди актап атат молодцы эми портуну деле утатго роналду бейлди коруп намыстанып кетип эле катуу ойнобосо порту утулат
0
Мэри
2016-07-03 00:15:08
Португалия утат...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан