"Манас" аэропортунан Мали мамлекетинин жараны жасалма паспорт менен кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-июлда чек арачылар Бишкек-Үрүмчү каттамы аркылуу Кытайга кетүүгө аракет кылган Мали мамлекетинин жаранын "Манас" аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү жайынан каттоо учурунда жасалма паспорт менен кармашты. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.