Франциядагы Европа чемпиондугунда Германия курамасы Италия пенальтилер сериясында утуп, жарым финалга чыкты. Чейрек финалдык беттеш Бордо шаарындагы "Матмут-Атлантик" стадионунда орун алып, 1:1 эсебинде аяктады. Пенальтилер сериясында немис футболчуларынын пайдасына 6:5 эсеби катталды.
Оюндун негизги убактысында 65-мүнөттө Месут Өзил эсепти ачкан. 78-мүнөттө италиялыктар пенальтиден эсепти теңешти.
Пенальтилер сериясында жалпысынан 18 сокку дарбазага багытталды. Негизи, 10 сокку менен жеңүүчү аныкталууга тийиш болчу. Бул көрсөткүч менен командалар Европа чемпиондугунда буга чейинки рекордду кайталашты.
Жарым финалга чыккан Германия курамасы 7-июлда Франция-Исландия курамаларынын оюнунда утуп чыккан команда менен беттешет.
Жарым финалдагы атаандаштар:
6-июль. Португалия-Уэльс
7-июль. Германия-Франция/Исландия