Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда "Дордой" клубу "Алганы", "Алай" Ош шаарында "Абдыш-Атаны" утуп алды

2-июлда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда 3 беттеш орун алды. Анда бишкектик "Алга" сезондо алгачкы жолу жеңилүүгө туш болду. Ал эми калган 2 оюнда үй ээлери утуп чыгышты. Оштун "Алай" футболдук клубу канттык "Абдыш-Ата" менен беттеште эч кыйынчылыксыз 3 упай ала алды.

Бул оюндардан кийин ТОП-Лиганын мелдеш жадыбалында өзгөрүү болду. Бардык командалар 12ден оюн өткөрүштү. Буга чейин 1-орунду ээлеп келген "Алга" акыркы 2 оюнда болгону 1 упай алып, 3-орунду ээлеп турат.

Оюндардын жыйынтыктары:

"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Ала-Тоо" (Нарын) - 2:1

"Алай" (Ош) - "Абдыш-Ата" (Кант) - 3:0

"Дордой" (Бишкек) - "Алга" (Бишкек) - 2:1

Мелдеш жадыбалы:

1. "Дордой" (Бишкек) - 29 упай

2. "Алай" (Ош) - 29 упай

3. "Алга" (Бишкек) - 27 упай

4. "Абдыш-Ата" (Кант) - 16 упай

5. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай

6. "Кара-Балта" - 7 упай

7. "Ала-Тоо" - 6 упай

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jerkin
2016-07-03 14:53:32
Ушундайы туура

Мелдеш жадыбалы:


1. "Алай" (Ош) - 29 упай

2. "Дордой" (Бишкек) - 29 упай

3. "Алга" (Бишкек) - 27 упай

4. "Абдыш-Ата" (Кант) - 16 упай

5. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай

6. "Кара-Балта" - 7 упай

7. "Ала-Тоо" - 6 упай
+2
kyrgyz.93
2016-07-03 15:26:51
Алайга 30 упай берсе да болот
+1
KaiMak
2016-07-03 15:30:16
мнеге алай 2 орунда турат тен очко менен? А тамгасы Днын алдында келет го керек болсо....
0
take.kg86
2016-07-03 16:36:12
KaiMak,тен упай болгондо тамгага карабайт киргизген жана өткөрүп жиберген голдордун айырмасына карайт
+1
take.kg86
2016-07-03 16:38:10
Бирок алай биринчиде бул жерге туура эмес жазыптыр дордойго караганда алайдын голдорунун айырмасы көп ошон үчүн алай биринчиде болуш керек эле
+1
KaiMak
2016-07-03 21:38:52
take.kg86,билемин голдору деле коп экенинчи...
0
azamat8607
2016-07-03 16:54:24
футбол федерациясынын сайтын карасаңар таблицада Алай турат 1-орунда.
0
ArgenMers
2016-07-03 17:53:33
azamat8607,таблицасын каяктан тапсак болот
0
erjigit-e.15
2016-07-03 20:08:09
Алай намысты сактагыла
-1
Gulya21
2016-07-03 21:02:09
Алай алга молодец
0
USSRKG
2016-07-03 22:09:00
Алай талкалайт
0
Sejitgazy
2016-07-03 22:20:00
Оз ара оюндар эске алынат, Алай Дордойду 4:0 го женген!
0
jakilik
2016-07-03 23:23:12
Эми экоонун балдары бирдей эл болуп турбайбы эмне эле болуп атасынар
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан