SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Кавказда Брюс Ли кайрадан төрөлдү" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Belle).
Дагестан. Кавказдык Шамиль Магомедов бийик тоолуу Хажалмахи айылында спорттун каратэ жана кунг-фу түрү менен алектенген жалгыз адам. Ал өзүнүн сүйүктүү актёру Брюс Лини туурап, машыгуу үчүн атайын Шанхайдан костюм алдырган. Шамиль – дүйнөдөгү эң күчтүү буттардын ээси. Жадакалса белгилүү трюктарынын бири менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ал 24 килограммдык ташты буту менен көтөрүп, абада 20 секундадан ашык тура алат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.