Ак-Талаа районунда сууга чөгүп кеткен эки баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 2-июль күнү аталган райондун Кызыл-Белес айылындагы күнүмдүк сууну жөнгө салып туруучу бассейнде болгон. Анда 2004-жылы туулган Нурбек уулу Хамзат менен Камчы уулу Нурлан сууга түшүп жатып чөгүп кетишкен. 3-июлга караган түнү айыл тургундары сууну агызуу жолу менен эки баланын жансыз денесин табышкан.