Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-июль күнү эртең менен милиция кызматкерлерине Кулиев көчөсүндө токтоп турган Ниссан Максима унаасын белгисиз адам уурдап кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып жаткан жеринен кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа ээсине кайтарылып берилди.