Аргентиналыктар Лионель Мессинин улуттук курамга кайтып келүүсүн талап кылып митингге чыгышты

Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте жергиликтүү футбол сүйүүчүлөрү футболчу Лионель Мессинин улуттук курамдын катарына кайтып келүүсүн талап кылып митинг уюштурушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, митинг улуттук кураманын жеңиши куттукталып келген аянтта орун алды. Буга көнөктөп төккөн жамгыр тоскоол боло алган жок.

Кошумчалай кетсек, Месси "Америка Кубогу-2016" мелдешинин финалында Аргентина курамасы Чилиге утулган соң улуттук курамдан кетүү боюнча чечим чыгарган. Анын командага кайтуусун суранып Аргентинанын президенти жана белгилүү футболчу Диего Марадона билдирүү жасаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jigit.paren
2016-07-04 13:25:46
Кайтты уже көпчүлүктүн суранычы менен чечимин өзгөртүп улуттук курамга кайтканын билдирди.
+1
Toloykon
2016-07-04 14:41:15
Оббооо месси курсун которуп уйундо олтурат дегин
+1
Esenali
2016-07-04 15:00:01
Мына авторитет, чыныгы талант.
+5
make2
2016-07-04 19:09:39
Месси чыныгы талант бирок бир аз жашы өтүп барат, жакшы эле экинчи орун
+3
Aikyn93
2016-07-05 10:54:57
кайра келсе билбейм анда кеттиби болдуда келбе кетип кайра келген футболист жокко эркекче айткандан кийин
0
malikkkg
2016-07-07 01:46:25
Роналдонун фанаттары ичи куйуп атса керек кайра келет десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан