2-июль күнү футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда бишкектик клубдар "Дордой" менен "Алга" беттешти. Жыйынтыгында "дордойчулар" 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, 3 упайга ээ болушту. Учурда "Дордой" карамагындагы 29 упайы менен 2-орунду ээлеп келүүдө ("Алай" менен упайларынын саны тең, болгону кошумча көрсөткүчтөрдөн улам артта калууда).
Оюн башталар замат "дордойчулар" каршылаш дарбазага чабуул коюшту. Бул чабуулду токтотууда "Алганын" коргоочулары эреже бузууга мажбур болушту. Топко келген Анатолий Власичев сол буту менен топту дарбазага таамай багыттап, эсепти ачты.
Гол жаратуу менен ишенимдүү оюн алып бара баштаган "дордойчулардын" экинчи голу көп күттүргөн жок. Майдандын борбордук бөлүгүнөн атаандаштын коргонуусуна чейин топ менен чуркап барган Курсан Шератовго каршы эреже бузулду. Бул эпизоддо калыс дарбазадан алыс эмес жерге айып соккусун белгиледи. Бул ирет Авазбек Откеевдин соккусу дарбазадан орун алды: 2:0.
Александр Бельдиновдун машыктыруучулукка дайындалышы менен акыркы сезондо оюнун жакшырткан "Алга" күйөрмандарын көпкө кубанта алган жок. 86-мүнөттө "Дордойдун" дарбазачысы Валерий Кашубанын атаандашы Павел Сидоренкого каршы ойноодо эреже бузулду. Калыс "Алгага" пенальти тебүү укугун берди. Ильдар Амиров 11 метрлик айып соккусун дарбазага таамай багыттап, көңүл жубатчу топту жаратты.
Кошумчалай кетсек, ушуну менен өлкө чемпиондугунда 2-айлампа аяктады. Командалар 10-сентябрга чейин эс алууга чыгышмакчы. 2 айлампанын жыйынтыгында мелдеш жадыбалындагы абалга көз салып коюңуз...
Мелдеш жадыбалы:
1. "Алай" (Ош) - 29 упай
2. "Дордой" (Бишкек) - 29 упай
3. "Алга" (Бишкек) - 27 упай
4. "Абдыш-Ата" (Кант) - 16 упай
5. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай
6. "Кара-Балта" - 7 упай
7. "Ала-Тоо" - 6 упай