№31-абакта 25 жаштагы жаран өз футболкасына асылган абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең менен жогоруда аталган абактын айып изоляторунда болгон. Абак кызматкерлери 1991-жылы туулган П.И. аттуу жаранды өз футболкасына асылган абалда табышкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.