Футбол боюнча Европа чемпиондугуна катышып, чейрек финалда мелдештен четтеген Исландия курамасы мекенине кайтты. Рейкьявик шаарында футболчуларды миңдеген тургундар салтанат менен тосуп алышты. Алардын чейрек финалга жетип, Европадагы мыкты 8 команданын катарына киргенин күйөрмандар сыймыктануу менен сөз кылып жатышат.
Исландия курамасы "F" тайпасына бөлүнгөн. Бул тайпада исландиялыктар Венгрия, Португалия, Австрия курамалары менен беттешип, кийинки турга чыккан. Жарым чейрек финалда алар Англия курамасын утуп, сенсация жаратышты. Чейрек финалда болсо Исландия курамасы үй ээси Францияга ири эсепте утулуп калды, бирок күйөрмандар жүз буруп кетишкен жок. Себеби команданын бул баскычка жеткенинин өзү ийгилик катары бааланган.
Исландия курамасынын бардык беттештери:
Тайпалык баскыч:
Португалия-Исландия - 1:1
Исландия-Венгрия - 1:1
Исландия-Австрия - 2:1
Жарым чейрек финал
Англия-Исландия - 1:2
Чейрек финал
Франция-Исландия - 5:2