Чүй жана Нарын облусунда мал уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Беловодск айылынын 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар улагын уурдап кетишкенин билдирген. Кылмышка шектүү катары 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм кармалган. Мындан сырткары 2 жылкы уурдоого шектелип 29 жаштагы Нарын облусунун тургуну да кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында уурдалган эки жылкы 53 жаштагы Ж.Р. жана 39 жаштагы К.Э. аттуу Нарын облусунун тургундарына таандык экени аныкталган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери улантылууда.