Бишкекте лотерея ойнотулуучу жайдан кассирди коркутуп акча алып кеткен жаран кармалды

Бишкекте лотерея ойнотулуучу жайдан кассирди коркутуп акча алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 3-июлдан 4-июлга караган түнү Чүй кең көчөсүндө жайгашкан лотерея ойнотулуучу жайда болгон. Анда белгисиз бет капчан жаран кассирди коркутуп 32 миң сом алып кеткен. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Келечек жаңы конушунун 25 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhykyo
2016-07-05 12:14:46
Унунон таанып калган го же басыгынанбы
0
Josef
2016-07-05 13:27:44
Кумар оюндарынын баардык турун жабыш керек. Бирин жапса экинчиси чыгат. Мыйзам боюнча кумар оюндарына тыюу салынган болчу, анан бул лотерея иштеп атат.
+2
Josef
2016-07-05 13:31:27
Ош базарындагы Берекет Гранд соода борборунда ачык эле оюн автоматтары иштеп турат. Буларды ким козомолго алат?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан