Москва районунда "чала таанышынын денесине себепсиз залал келтирген" деген шек менен жергиликтүү 2 тургун кармалды

Москва районунда "чала таанышынын денесине себепсиз залал келтирген" деген шек менен жергиликтүү 2 тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июль күнү милицияга арыз менен 48 жаштагы Петровка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал саат 09:30 чамасында Асыл жана Бакыт аттуу чала тааныштары анын денесине себепсиз залал келтиришкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 44 жаштагы О.А. жана П.Б. аттуу жарандар кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан