Евро-2016: Бүгүн жарым финалда Португалия курамасы Уэльс менен беттешет (анонс)

ПОРТУГАЛИЯ-УЭЛЬС
Лион шаары. "Стад-де-Лион" стадиону
Калыс: Юнас Эрикссон (Швеция)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Уэльстин лидери Гарет Бэйл (солдо) жана Португалиянын лидери Криштиану Роналду
Португалия жана Уэльс курамасы буга чейин кайсы бир мелдештин алкагында жолуккан эмес. 3 жолдоштук беттеш өткөрүшүп, анын экөөндө португалиялыктар жеңип чыгышкан. 1 беттеш Уэльстин жеңиши менен аяктаган. Бул жолу командалар Европа чемпиондугунун жарым финалында кез келип отурушат. Албетте, бул баскычка жетүү үчүн командалар тер төгүп, көп күч сарпташты.

Мисалы, Уэльс курамасы тайпадан чыккан соң Түндүк Ирландия менен беттешип, минималдуу эсепте жеңишке жетишкен. Гарет Бэйл баштаган уэльстиктер чейрек финалда айыгышкан оюн өткөрүштү, себеби алар Бельгия курамасы менен беттешип, кыйынчылык менен жеңишти өз эсебине оодарышты.

Ал эми Португалия курамасы атаандашынан айырмаланып, беттештин негизги убактысында (90 мүнөттө) жеңишке жетише элек. Аларды бул үчүн сындагандар көп, бирок команда жарым финалга карай Хорватия менен Польшанын эбин тапканы команданын оңой жоо эмес экенинен кабар берет.

Команда лидерлеринин көрсөткүчтөрү тууралуу айта турган болсок, Гарет Бэйл командасынын бардык оюндарына катышып, 3 гол киргизди. Ал эми Криштиану Роналдунун эсебинде 2 гол бар. "Реал" клубунда чогуу ойногон футболчулар бүгүн эмненин үстүнөн чыгып, кимиси командасын финалга алып чыгарын убакыт көрсөтөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Patriot..kg
2016-07-06 12:04:55
Португалияга ийгилик!
-1
sagynbek89
2016-07-06 13:18:59
Кызыктуу оюн корсок болду. Буга чейин кызыктуу оюн корсоткон Уэльс. Финал Уэльс-Франция.
+3
Beksultan-007
2016-07-06 13:28:15
Уэльс Алга. Роналдону Бир ыйлатчы
+2
aksy.koi-tash
2016-07-06 14:37:49
Beksultan-007,роналдо жеңиштида жеңилиштида бирдей кабыл алат бирок оңой менен жеңе албайт бекер убара болбосун ыйлатты деп
0
Abdysatar
2016-07-06 13:37:01
менин оюмча экөөнүн бири жеңет
-1
Ernis_Aiperi
2016-07-06 18:10:52
Abdysatar,хе хе борду эзесинго чиркин эко тен чемпион болот деп койбойн
0
USSRKG
2016-07-06 14:24:25
Франция финалда кутобуз.Ал эми Увельс Бельгияны женгенин эске алсак Порту дагы капут.
+1
arawan
2016-07-07 03:06:11
USSRKG,сен баяда горантиясы менен суйлоп жатат элен го не болду уельске
0
Patriot..kg
2016-07-06 16:11:34
Коробуз. Кеч кире берсинчи.
+1
Ular86
2016-07-06 17:05:53
Порту женет мына карап турасынар
0
Ernis_Aiperi
2016-07-06 18:05:24
Ушугу оюнда алтын топ (золотой мяч)тагдыры чечиле турган оюн
0
nurkasym-2014
2016-07-06 21:29:21
Уэльс менен Германияны буюрса финалда коруп калабыз.
-1
saytash11
2016-07-06 21:44:51
Уэльс менимче жеңет го. Эмнеси болсо да Уэльске ийгилик! Порту үйүнө жөнөйт бүгүн. Финал: Германия-Уэльс болушу мүмкүн.
-2
Kiyal4499
2016-07-06 21:59:27
Португалия алгааа
+1
Adi.Avazbekov
2016-07-07 02:34:28
2 0 ronaldo portugali9 algaaa
+1
Kiyal4499
2016-07-07 02:55:40
Португалия Алгаааааааааааааааааааааааа
0
arawan
2016-07-07 03:04:32
португалия женди алга порту айттым беле финалга чыгат деп уельс женет дегендер суйлогулочу уельске не болду а уельс хорват поляктар женет дегендин баары мессинин куйормандары болчу мессинер 21айга соттолуп жатат го
+1
kgalik
2016-07-07 03:14:00
Порту женди ураа ХХХ ХХХ ХХХ
+2
admin_portal
2016-07-07 09:33:30
kgalik, порталдын колдонуучулары арасында түшүнбөстүк жарата турган билдирүү калтырууга тыюу салынат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан