Бүгүн түнү Алай тоо кыркаларында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жер титирөө саат 03:00 чамасында катталган. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым чыгышта, Кара-Киндик айылынан 20 чакырым түштүктө, Сары-Таш айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.