Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчү дааратканага барам деп жардан кулап каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунда жүргүнчү дааратканага барам деп жардан кулап каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя кечээ катталган. Анда Бишкек-Ош унаа жолунун 419-чакырымында жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, жол жээгине токтогон. Айдоочу дөңгөлөктү алмаштырып жаткан учурда 1977-жылы туулган Жолдошбек Атаканов аттуу жүргүнчү дааратканага барам деп жардан кулап кеткен. Куткаруучулар жүргүнчүнүн жансыз денесин суудан чыгарышып, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_S
2016-07-06 11:49:56
Байкуш, байкабай барып алган окшойт да. Туугандарына көңүл айтам.
+5
altyn2015
2016-07-06 12:00:59
Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан