Ала-Бука. Совет-Сай айылында сел агызып кеткен жарандын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды

Ала-Бука районуна караштуу Совет-Сай айылында сел агызып кеткен кыргыз жаранынын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Совет-Сай айылындагы Курук сайынан сел жүрүп, 1988-жылы туулган Медербек Раевди (2-топтогу майып) Өзбек Республикасынын Касан-Сай районунун Абадан айылын көздөй агызып кеткен. Өзбек Республикасынын чек ара кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандын жансыз денеси саат 22:00 чамасында табылган.

"Өзбек Республикасы тарабынан медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин маркумдун сөөгү Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлерине өткөрүлүп берилмекчи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuba502
2016-07-06 13:58:53
Ажектен Шекафтарга кеткен жол качан ондолот экен
0
tatynam_88
2016-07-06 16:52:02
Админ Кадамжайдагы селде агызып кеткен кичинекей бала табылдыбы?маалымат берип кетиниздерчи.ойлосом эле журогум бир болк этет.ата энеси кантти экен байкуштар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан