Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелип 3 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июлда милицияга арыз менен 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал саат 02:35 чамасында аталган райондогу кафелердин биринен мас абалдагы белгисиз кыздар аны сөгүп, сабап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Д.Д., 22 жаштагы И.Ф. аттуу шаар тургундары жана 23 жаштагы И.Ж. аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.