8-июлда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасы менен АКШнын балбандарынын беттеши орун алат. Мелдеш Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болмокчу.
Аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, АКШнын курамынан кыргыз жерине 9 спортчу келмекчи.