Токмок шаарына жакын жерде орусиялык туристтерди карактап кеткен жарандар изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 4-июль күнү Токмок шаарына жакын жердеги айланып өтүүчү жолдо орун алган. Анда Ысык-Көлгө бара жатышкан Орусиянын Дмитрий жана Ирина аттуу эки жаранын өздөрүн “милиция кызматкерибиз” деп тааныштырган белгисиз адамдар карактап кетишкен. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөрдү Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан издөө иштери жүрүүдө.