Жалал-Абад шаарында 20 жаштагы баланы ур-токмокко алып бычактагандар кармалышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 4-июлда саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Асел” фотосалонунун тушунда Сузак районунун Ынтымак айылынын 1996-жылы туулган тургунун 4 бейтааныш бала уруп, көкүрөк тарабына бычак сайып, денесине жаракат келтиришкен. Жабырлануучунун ден соолугу канааттандырарлык.
"Бул окуя боюнча Жол-патрулдук милициясы кылмышка шектүү болгон жарандарды изин суутпай кармаган. Алар 1997-1998-жылы туулган Жалал-Абад шаарындагы Спутник шаарчасынын тургундары экендиги аныкталган. Ыкчам иштер уланууда", - дешти ОИИБиден.