Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунда Португалия курамасы Уэльсти утуп, финалга чыкты. Лион шаарындагы "Стад де Люмьер" стадионундагы беттеш 2:0 эсебинде португалиялыктардын жеңиши менен аяктады. 1-таймда командалар суктанарлык оюн көрсөтүштү деп айтуу мүмкүн эмес, себеби командалар кооптонуу менен ойноп, каршы чабуулдарга ишеним артып жатышты. Бирок чабуул эки командага тең ийгилик алып келген жок.
2-тайм көпчүлүктүн эсинде кала тургандай болду. 50-мүнөттө Португалиянын лидери Криштиану Роналду башы менен топту дарбазага таамай багыттап, эсепти ачты. Атаандаш эске келгенче португалиялыктар экинчи голду жаратып, беттештин тагдырын чечип коюшту. Бул ирет Нани айырмаланды.
Португалия курамасы бул жеңиши менен туура 12 жылдан кийин кайрадан Европа чемпиондугунун финалына чыкты (2004-жылы курам финалда Грецияга утулган). Команданын финалдагы атаандашы 7-июлда орун ала турган экинчи жарым финалдык беттеште аныкталат (Германия-Франция беттеши).
Жарым финалда утулган командалар 3-орунду ээлешет. Башка мелдештердегидей 3-орун үчүн оюн өткөрүлбөйт, андыктан Уэльс курамасы 3-орунду камсыздады. Финал 10-июлда орун алмакчы.