Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында 1300 кожолук суусуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.
Маалым болгондой, 5-6-июль күндөрү катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, Ажек, Айры-Там, Жаңы-Шаар айылдары суусуз калды. Селдин агымы 21 даана лотокту агызып кеткен. Ал эми ички чарбалык жолдорду жана негизги жолдорду сел алып, жол каттамы токтоп калган.
"Сел абдан кубаттуу болду. Жалпы 162 метр таза суу түтүгүн агызып, жараксыз абалга келтирген. Ажек айылында 1 көпүрө жараксыз болгон. Үч айылда азыркы убакта лотокто да, каналда да, суу түтүгүндө да суу жок. Элге суу ташып жеткирип жатабыз. Бүгүн түшкө жакын таза суу түтүгүн туташтырып, элге суу берилет", - дейт Шербаев.
Белгилей кетсек, 6-июль күнү 2400дөй түтүн эл суусуз калганы тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу маалымдаган.