Түркиялык басылмалар Стамбулдагы жардырууга катыштыгы бар деп айыпталгандардын аты-жөнүн жарыялашты. Кармалгандардын ичинен Мурад М., Смаил М., Билал М., Рамазан И., Адам Р., Смаил А., Гүлмахмад С., Камил Д., Смаил А., Гаджимад А., Эделхан И. - Орусиянын жарандары. Ал эми алты адамдын жарандыгы көрсөтүлгөн эмес. Алар: Сейхун Али А., Ахмет К., Чынгызхан Ч., Халил Д., Ахмед Д., Аюб Д.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жардырууга катыштыгы бар делип кармалгандардын саны 30га жеткенин жана алардын арасында Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Орусиянын жарандары бар экенин айткан.
Эскерте кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен.