Кант шаарында жасалган 19 тонна “Голландия сыры” Орусиядан кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-июлда Орусиянын маалымат агенттиктери жазышууда.
Маалыматка караганда, 2-июль күнү Орусиянын Омск облусунда ири өлчөмдө сүт азыктарын жүктөп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа токтотулган. Анын ичинде эч кандай маркировкасы жок 19 тонна “Голландия сыры” табылган. Жүк ээсинде Кант шаарынын ветеринардык кызматы тарабынан берилген уруксат кагазы гана болгон. Учурда товар лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүүдө.