Кара-Кулжа районунда жарга асылып калган унаадан айдоочу жана 3 жаштагы бала куткарылды

Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүндө жарга асылып калган унаадан айдоочу жана 3 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 5-июлга караган түнү саат 00:44 чамасында Ажике жайлоосуна бара жаткан жолдун 90-чакырымында орун алган. Анда Нива үлгүсүндөгү унааны башкарган 1981-жылы туулган Таштанбек А. аттуу айдоочу жолдон чыгып кетип, жарга асылып калган. Унаанын ичинде 2013-жылы туулган Нурдөөлөт А. аттуу жүргүнчүсү да болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар унааны трос менен тартып, айдоочуну жана жаш баланы куткарып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Palan4a
2016-07-07 12:22:26
Ал жолдор негизи опасныйго. Козумду жумуп отчумун мурун.
0
gulnur.narmatova
2016-07-07 12:42:47
Куткарганы жакшы болуптур
0
BarsBaatyr
2016-07-07 13:18:54
ӨКМ дин куткарып калганына ишениш кыйын.Бул мындай болсо керек.Жергиликтуу тургундар айдоочу менен жургунчусун куткарып андан кийин кечигип барган куткаруучулар машинаны тартып чыгарышса керек.Себеби мен оз козум менен коргонум,былтыры бир бала цестернага тушуп чыга албай калып,ошол жердеги жумушчулар оздору чыгарган.Куткаруучулар келип эмне кылышын билбей нес болуп тургандан башка эч нерсеге жараган эмес.Кийин интернетте ӨКМ дин куткаруучулары куткарып калышты деп жазып чыгышкан.
+3
Jooshbai
2016-07-07 13:59:49
BarsBaatyr,seniki tuura
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан