Бишкекте катталган жол кырсыгында айдоочу жабыркады

Бишкекте катталган жол кырсыгында бир адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түнү саат 01:45 чамасында Чүй кең көчөсүндө болгон. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги карагайды сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу кыпчылып калган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, атайын шаймандардын жардамы менен айдоочуну унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mercedes202
2016-07-07 12:31:42
Жакшы болуптур! Дагы катуу айдаса андан жакшы болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан