Көпчүлүк кыздардын көзүн күйдүргөн ырчы Гүлжигит Калыков бойдокчулук менен кош айтышып, моюнуна каамыт салдырганы турат. Тагыраагы, ырчы эртең, 8-июлда сүйүүктүүсү Айпери менен баш кошот. Бул тууралуу ырчынын менеджери Улук Сапаров билдирди.
"Учурда тойго карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Көптөгөн коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Буюрса, үйлөнүү той көптөгөн кызыктарга бай болуп, көңүлдүү, жогорку деңгээлде өтөт", - дейт
У.Сапаров.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 23-майында Гүлжигит Калыков алып баруучулар Нурзат Токтосунова менен Максаттын тоюнда жүздөгөн адамдын алдында сүйүктүүсүнүн колун сурап, шакек салган эле.